Спейс Блог
Подкаст үчүн эң мыкты бекер платформалар
Сиз өзүңүздүн ийгиликтүү подкастыңызды ачып, аудиоконтентиңизди эл менен бөлүшүүнү каалайсызбы? Анда төмөндөгү подкаст платформалар сизге пайдалуу болушу мүмкүн.

Podbean

Дүйнөдөгү эң мыкты подкаст хостингдеринин бири. Бул подкаст платформасы дүйнөдөгү 200 000ден ашуун подкастчыларды бириктирет. Эгер сиз чакан подкаст ачууну ойлоп жатсаңыз, Podbean платформасы сизди 5 сааттык бекер подкаст оорду менен камсыз кылат.
Сайты: podbean.com

Whooshka

Австралиялык подкаст платформасы. Бул платформага кошулууда эмне максат менен кирип жатканыңызды билдириш керек. Бул платформанын бекер тарифи төмөндөгүдөй.
  • Чексиз шоу жана эпизоддорду жаздырса болот
  • Чексиз трафик
  • 1 сааттык жаздыруу убагы, айына
  • Медиа үчүн 5 ГБ оорун берилет
  • Баардык негизги платформаларга дистрибутациялайт
Сайты: whooshkaa.com

Anchor
Бул эң эле өзгөчө жана заманбап платформа. Бирок платформа гана эмес, курал десем да болот. Себеби, бул платформанын колдонмосун Google Play жана App Storeдон көчүрүп, аны менен подкастыңызды жаздырып, туураласаңыз, ал түгүл музыка кошсоңуз болот. Мунун бардыгы бекер жана эч чектөөлөрсүз.

Anchor жөнүндө кененирээк бул жакта жазганбыз.
Сайты: anchor.fm

Speaker

Speaker платформасы жөнүндө аз айтылат. Бирок, платформанын ачуучулары анын көп мүмкүнчүлүктөрү бар деп ишендиришет. Podbean сыяктуу эле 5 сааттык бекер подкаст убактысын берет жана подкасттарыңыз 15 мүнөттөн артык болбошу зарыл. Албетте, эгер бекер колдонуп жаткан болсоңуз.
Сайты: spreaker.com

Buzzsprout

Бүгүнкү тизмебиздин ичинен эң эле амалкөй хостинг. Сизге ай сайын 2 сааттык убакыт берет. Эгер сиз анын кыноо кодун Контентчиге жайгаштырсаңыз, ал өзүнүн жарнамаларын көргөзүшү мүмкүн. Ал эми сиздин жаздырууларыңыз 90 күнгө гана сакталат. Андан кийин, болжолдошубуз боюнча, өчүрүлүп же приваттуу болуп калат.
Сайты: buzzsprout.com

Жаңы кадамыңызга ийгилик!

Made on
Tilda